Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын борбор калаасы Минск шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев ушул жылдын январь айында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылуу милдети Беларусь Республикасына өткөнүн эске салып, Кыргызстан алдыдагы иш-пландарды ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады. Муну менен катар өткөн жылы уюмдун алкагындагы Парламенттик ассамблеянын түзүлгөндүгүнө 15 жыл толгонун белгилеп, жамааттык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алакаларды мындан ары да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасы ЖККУнун потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берерин айткан Нурланбек Шакиев: “Заманбап чакырыктар жана коркунучтар мамлекеттер аралык саясий-экономикалык алакаларга терс таасирин тийгизери анык. Андыктан, аларды чечүү үчүн компромисстик ыкмаларды издөө, ошондой эле көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себептерин жоюу боюнча кызматташтыкты бекемдөө учур талабы. Биз кандай гана чыр-чатактар болбосун тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салууну жактайбыз”, – деди.
Ошондой эле жыйында Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер талкууланып, тиешелүү моделдик мыйзамдардын долбоору боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Кечээ, 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...