Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү

Кечээ, 26-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын бөлүм башчылары катышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Нурланбек Шакиев Координациялык кеңеш парламенттин иш планын талкуулоо үчүн керектүү аянтча экенин белгилеп, мындай жыйындар мындан ары туруктуу негизде өткөрүлөрүн кошумчалады. Андан соң тармактык комитеттердин ишмердүүлүгү тууралуу комитет төрагаларынын маалыматы угулуп, Жогорку Кеңештин 2023-жылдын январь айына карата календардык планынын долбоору каралды. Ошондой эле эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтыктын планы, комитеттердин, фракциялардын, депутаттык топтордун жана убактылуу комиссиялардын типтүү жоболору талкууланды.