Шаршемби, 28.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Төрага Нурланбек Шакиев Казак парламентинин сенатынын төрагасы менен жолугушту

21:17 23.01.2023
0
Төрага Нурланбек Шакиев Казак парламентинин сенатынын төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен тар чөйрөдө баарлашты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Андан соң парламент төрагалары кеңири курамда жолугушуу өткөрдү. Анда Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттеринин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Нурланбек Шакиев эки өлкөнү бир туугандык, жакын коңшулук жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөштүк тыгыз байланыштырып турарын белгилеп: “Өткөн жылы мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногондугуна 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгында кызматташтыктын бекем пайдубалы түптөлүп, көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тараптуу иш сапарлар уюштурулду. Андыктан калыптанган алаканы мындан ары да жигердүү өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.

Ошондой эле Казакстан Парламентинин Сенатына өткөн шайлоонун ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттер аралык байланыштарга да кеңири токтолду.

“Өткөн жылы эки өлкөнүн парламенттеринин төрагаларынын деңгээлинде бир катар жолугушуулар болуп өттү. Муну менен катар эл аралык байланышка тиешелүү тармактык комитеттер да биргелешкен көчмө жыйын уюштурушту. Ал эми бүгүнкү расмий иш сапар да эки өлкө үчүн өтө чоң тарыхый мааниге ээ”, – деген Нурланбек Шакиев парламенттик делегациялардын, депутаттык достук топторунун өз ара иш сапарларын уюштуруунун да маанилүүлүгүн кошумчалады. Айрыкча, ТүркПА, КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчалардын алкагындагы алакалар тууралуу сөз кылды.

Мындан тышкары, жолугушууда экономикалык байланыштар да талкууга алынып, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча коюлган максаттар жөнүндө айтылды. Анын ичинен биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү, Чолпон-Ата-Алматы автожолун куруу, Кичи-Капка-Бесагаш өткөрмө пунктунун ишин кайра жандандыруу, ошондой эле биринчи аймактар аралык форумду өткөрүү өңдүү сунуштар берилип, айрыкча чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу маселелери көтөрүлдү.

“Мен жогоруда белгилеген маселелердин тез арада ишке ашуусу үчүн парламенттик көзөмөлгө алууну сунуштайм”, – деген Нурланбек Шакиев, ошондой эле Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын эске алуу зарылчылыгын белгиледи.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. Муну менен катар, эки тараптуу кызматташуудагы жетишкендиктерге кеңири токтолуп, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин өткөн жылдын май айында Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алынган маанилүү чечимдерге көңүл бурду.

Тагыраагы, биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык комплексинин курулушуна капсула салынганын эске салып: «Бул долбоорду ишке ашыруу инвестициялык базанын өсүшүнө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштын калыптанышына жакшы өбөлгө түзөт деп ишенем», — деген Маулен Ашимбаев казак тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышууга даяр экендигин маалымдады.

Мындан сырткары, Сенат төрагасы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери тууралуу да сөз кылып, артыкчылыктуу багыт катары тармактык комитеттердин менен депутаттык достук топторунун өз ара алакасын активдештирүү, парламент аппараттарынын ортосундагы кызматтыштыкты чыңдоо, парламентаризмди өнүктүрүүнүн жол картасын иштеп чыгуу, ошондой эле парламенттер аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү чараларына токтолду.

Сөзүнүн аягында Маулен Ашимбаев төрага Нурланбек Шакиев тарабынан айтылган бардык демилгелерди колдоорун айтып, анын ичинен маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады. Тагыраагы, Манас баатырдын менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин Астана шаарына орнотуу демилгеси тууралуу кеп кылды.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

14:56 27.01.2026
Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

12:43 27.01.2026
Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

2
Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

14:56 27.01.2026
Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

12:43 27.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү