Төрага Нурланбек Шакиев Казак сенатынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Баарлашуу маалында Шакиев Ашимбаевди Сенат төрагасы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Ашимбаев жакында эле Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Шакиевге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле тараптар мамлекеттер аралык байланышты чыңдоо, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.