Төрага Нурланбек Шакиев Кемин районундагы айрым мектептердин абалынан кабар алды

Кечээ, 23-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусундагы иш сапарынын жүрүшүндө Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында жайгашкан орто мектептин абалы менен таанышты. Кыргыз драматургиясынын классиги, драматург Токтоболот Абдумомуновдун атын алып жүргөн билим берүү мекемеси 1979-жылы курулган. 3 кабаттуу типтүү мектепте азыр 416 окуучу окуйт.

Мугалимдер жамааты жана окуучулар менен уюштурулган жолугушууда Нурланбек Шакиев билим берүү тармагына тиешелүү маселелерге токтолуп: “Азыр кен байлыгы, мунайы менен таанылган өлкөлөргө караганда илимге жана жаңы технологияларга басым жасаган мамлекеттер дүйнөнү башкарууда. Андыктан, Кыргызстан дагы алдыга жылуунун башкы ыкмасы катары илим издеп, өнөр үйрөнүүгө аракет кылуубуз кажет. Айрыкча жаштарга заман талабына ылайык билим берип, колдоо көрсөткөнүбүздө гана көздөгөн максатыбызга жетебиз”, – деди.

Муну менен катар жаштар арасында азыркы муунга үлгү болгон улан-кыздар арбын экенин эске салып, алардын айрымдары дүйнөгө белгилүү компанияларда ийгиликтүү иштеп жатканын мисал кылды. Залкардын ысымы ыйгарылган аталган мектепте бир катар улуу инсандар билим алганын белгилеп: “Алардын жолун улай мыкты уул-кыздар чыгаарына терең ишенем. Андыктан билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруп, окуучуларга татыктуу таалим-тарбия берилиши керек. Себеби, мектепте берилген билим балдардын келечеги үчүн өтө маанилүү”, – деди төрага.

Жолугушууда мугалимдер эмеректерди жаңыртуу жана заманбап окуу куралдары менен камсыздоо маселесин көтөрүштү. Андан соң Нурланбек Шакиев Боролдой айылында жайгашкан орто мектепке барды. 408 окуучу билим алган бул мектеп авариялык абалда болгондуктан, тез арада жаңылоо зарыл. Андыктан төрага аталган маселени жеке көзөмөлүнө аларын билдирип, коштоп барган жетекчилерге тиешелүү иштерди алып баруу тапшырмасын берди.