Төрага Нурланбек Шакиев Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин биринчи жыйынына катышты

Кечээ, 30-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин катышуусу менен төраганын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев бул диалог аянтчасы актуалдуу экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоо жана биргелешип чечүү жолун иштеп чыгуу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. “Глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн олуттуу кесепеттери көп жылдардан бери Кыргызстанда да байкалууда. Кыргызстан тоолуу өлкө, андыктан экосистемасы да өзгөчө. Өлкөбүздө мөңгүлөрдүн тездик менен эриши, сел-ташкындардын күч алышы негизги маселеге айланууда. Ошону менен бирге жылдын-жылга кургакчылык күчөп, айыл чарбасына олуттуу кыйынчылык алып келүүдө”, — деди төрага.

Шакиев жаратылышка аяр мамиле жасоо жана коргоо, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы тууралуу сөз кылып, Кыргызстандын келечеги үчүн чоң тобокелчиликтерди жараткан негизги экологиялык көйгөйлөргө токтолду. “Биринчиден, акыркы убакта жаратылыш кен-байлыктарын баш аламан казуунун кучак жайышы жана алардан чыккан чаңдар менен уулу заттардын таасири канчалык? Бул маселе так аныкталышы керек. Экинчиден, жайыттарды туура пайдалануунун механизмдеринин жоктугу, малдын башынын өсүшү. Көптөгөн өсүмдүктөр малдын туягынан жабыркап, жок болуп кетүүдө. Үчүнчүдөн, адамдардын жаратылышка аёосуз мамилеси, арча-токойлорду, тал-теректерди ченемсиз кыюу. Төртүнчүдөн, элдик медицина дейбизби, чөп медицинасы дейбизби, айтор, ушундай дарыгерлердин көбөйүүсүнөн улам бийик тоолуу алкактарда өсүүчү сейрек кездешүүчү дары чөптөрдү тамыры менен кыркуу массалык мүнөзгө айланды”, — деди ал.