Төрага Нурланбек Шакиев Кореядагы Кемёнг университетине барды

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Корея Республикасындагы расмий иш сапарын Кемёнг университетинде улантып, парламенттик делегация мүчөлөрү менен бирге 1899-жылы негизделген окуу жайды көрүп чыкты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Билим берүү мекемесинин жетекчилери жана окутуучулары менен жолугушуп, баарлашкан Нурланбек Шакиев Кореянын заманбап билим берүү жаатындагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. Муну менен катар төрага баштаган делегация Кемёнг университетинин алдындагы “Донгсан” медициналык борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышты. Ал ооруканага Кыргызстандан да дарыгерлер тажрыйба алмашууга барып, кээде бейтаптар да дарыланып келет.
Борбордун жамааты менен жолугушууда Нурланбек Шакиев Корея мамлекети алдыңкы технологиялык өндүрүштөрү менен гана өзгөчөлөнбөстөн, акыркы мезгилдери сапаттуу медициналык тейлөөсү менен да таанылып жатканына токтолду. “Андыктан калыптанган алакаларды арттырып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүбүз кажет”, – деди. Өз кезегинде “Донгсан” медициналык борборунун директору Хван Джесок эки элдин байланышы 30 жылды гана камтыбастыгын айтып: “Кыргыз-корей калкынын тарыхый байланышы терең. Бири-бирибизден алыс жайгашканыбызга карабай, бизди Улуу Жибек жолу жана түпкү тамырыбыз жакындатып турат”, – деп кошумчалады.