Кечээ, 22-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президентинин милдетин аткаруучу Ли Юн Ёнг менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Нурланбек Шакиев: “Агенттиктин колдоосу менен электрондук өкмөттү түзүүгө жана санариптештирүүгө багытталган “Түндүк” долбоору, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүгө арналган “Менин айылым” аймактык өнүктүрүү өнөктүгү ийгиликтүү ишке ашты. Андан тышкары, тиешелүү программанын негизинде Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринде эмгектенген жүздөгөн кызматкерлер Кореяда тажрыйбадан өтүп, билим алышууда”, – деди. Ошондой эле KOICA тарабынан бардык багыттар боюнча системалуу жардамдар көрсөтүлүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев анын ичинен Кыргызстандын шайлоо системасын жакшыртуу жана Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо жаатындагы долбоорлорго токтолду. Жогорку Кеңештин Төрагасы 2024-жылга карата жашыл экономика, экология, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана коопсуздук тармактарына тиешелүү дагы 34 долбоор боюнча кызматташуу сунушталганын белгиледи.
1991-2021-жылдар аралыгында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу Кыргызстанга 55 миллион доллар бөлүнгөн. Ал эми 2022-жылы жалпы суммасы 48,8 миллион долларлык долбоорлор каржыланган.
Өз кезегинде Ли Юн Ёнг агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, 2021-жылы Кыргызстан Корея Республикасынын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргенин эске салды. “Ага ылайык, KOICA бардык багыттар боюнча алакаларды арттырууга жана керектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр”, – деди ал.