Шейшемби, 10.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Төрага Нурланбек Шакиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

14:33 04.07.2023
0
Төрага Нурланбек Шакиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды
Бүгүн, 4-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Анда Кыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Шакиев өткөн жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун белгилеп: “Бирок муну символикалык маареке катары гана караганыбыз оң. Себеби, кыргыз эли менен кытай эли эзелтен коңшу жашап, кылымдардарды карыткан тыгыз байланышка ээ. Бизде “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, Кытай биз үчүн коңшу мамлекет эле эмес, өз ара ишенимге жана достукка таянган өнөктөш өлкө. Ортобузда эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө тоскоол болгон эч кандай саясий пикир келишпестиктер жана көйгөйлөр жок”, – деди. Муну менен катар кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын айткан төрага буга эки өлкө башчыларынын акыркы жолугушуусу далил экенин кошумчалады. Ошондой эле парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселесине токтолгон төрага жакында эле Жогорку Кеңештин делегациясы Кытай Эл Республикасына барып, алгылыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин эске салды.

Баарлашуунун жүрүшүндө экономикалык байланыштар тууралуу да сөз болуп, төрага коронавирус илдетине байланыштуу солгундап кеткен соода жүгүртүү кайра жанданганын белгиледи. “Тышкы экономикалык мамилелер чөйрөсүндө Кытай Кыргызстандын башкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Айрыкча, социалдык — экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзчү мүмкүнчүлүктөрдү камтыган “Бир алкак-бир жол” демилгесин биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы. Андан тышкары, мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо Ду Дэвэндин салымы чоң экенин белгилеп, дипломаттын ишмердүүлүгүнө жогору баасын берген Нурланбек Шакиев эң жигердүү иштеген элчи катары кыргыз элинин эсинде калаарын кошумчалады.

Өз кезегинде элчи дипломатиялык ишмердүүлүгүн алкагында жасалган иштерге кеңири токтолуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди. Өзгөчө өнөктөштүктүн жаңы доорун түптөө багытындагы демилгелерди сөз кылып, алардын катарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бар экенин белгиледи.

Парламенттер аралык байланыш тууралуу да кеп салган элчи: “Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйыны менен Жогорку Кеңештин ортосунда кызматташтыкты арттыруу да башкы максатыбыз. Алсак, кытай парламентинде да, кыргыз парламентинде да кызматташуу боюнча депутаттык достук топтору түзүлгөн. Андыктан жолугушууларды байма-бай өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүшүбүз кажет”, – деди. Муну менен катар жакынкы аралыкта Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Тышкы иштер боюнча комиссиясынын жана Кытай Коммунисттик партиясынын делегациялары Кыргызстанга келерин маалымдады.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 06.03.2026
1

Аялдардын эл аралык күнү — 8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп...

Өлкө башчысы: «Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт»

Өлкө башчысы: «Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:16 06.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. — Ички иштер министрлигине жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууну...

Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: «Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз»

Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: «Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:10 06.03.2026
1

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. — Муну уккандар “Президент эмнеге абактагы акын Аскат Жетигенди чыгарбай, ыплас иштерден...

Президент: «Ажиевдин түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатканын угуп артка кайтарттым»

Президент: «Ажиевдин түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатканын угуп артка кайтарттым»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:03 06.03.2026
1

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. — Мыйзамсыз вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин айланасында чоң талкуу...

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:04 05.03.2026
1

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттар Медербек Алиев менен Улукбек Карыбек уулунун ортосундагы кырдаалды жөнгө салды. Бул тууралуу парламенттин басма...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жыныстык жол менен опузалап акча талап кылган аял кармалды

Жыныстык жол менен опузалап акча талап кылган аял кармалды

16:27 09.03.2026
Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирген шектүү кармалды

Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирген шектүү кармалды

09:15 10.03.2026
Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорлору колдоо тапты

Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорлору колдоо тапты

16:23 09.03.2026
Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылат

Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылат

10:17 10.03.2026
Улуу Британияда аял көтөрүп чуркоо боюнча турнир өттү

Улуу Британияда аял көтөрүп чуркоо боюнча турнир өттү

10:12 10.03.2026
Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирген шектүү кармалды

Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирген шектүү кармалды

09:15 10.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү