Төрага Нурланбек Шакиев Мажарстанга барды. Кайсы депутаттар коштоп жүрөт?

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мажарстан мамлекетине расмий иш сапары менен барды.

Расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу алакаларды арттырууга байланышкан маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин төрагасын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Гүлшаркан Култаева, Максатбек Сарбагышев жана Азамат Исираилов коштоп барды.