Төрага Нурланбек Шакиев маселелерди кароодо депутаттарды активдүүлүккө чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев маселелерди кароодо депутаттарды активдүүлүккө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-январда жыйын учурунда билдирди.

«Урматтуу депутаттар, маселе карала баштаганда залдан чыгып кетесиздер. Аягында кирип, мурда берилген суроону кайталап бересиздер. Андыктан, жыйын учурунда тартипти сактап, бири-бирибизди уга билели», — деди төрага. Ал депутаттарды убакытка аяр мамиле кылып, жыйындарга жигердүү катышууга чакырды.