Төрага Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ баштаган жетекчилер менен жолугушат. Муну менен катар «Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары», ошондой эле «Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу» аталышындагы эл аралык конференцияларга катышат.

Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева, Мейкинбек Абдалиев, Чыңгыз Айдарбеков, Эрулан Кокулов, Алишер Козуев, Чыңгыз Ажибаев, Нурбек Алимбеков коштоп жүрөт.