Төрага Нурланбек Шакиев Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Орусиядагы иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.