Төрага Нурланбек Шакиев өкмөттүк саат боюнча: «Эртең министрлер даярданып келишсин»

Эртең, 16-февралда Министрлер кабинети толугу менен келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирип, президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

«Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү даярданып келишсин. Эртең саат 10:00дөн баштап баштайбыз», — деди ал.