Төрага Нурланбек Шакиев Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы менен жолугушту

Кечээ, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиядагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы: “Парламенттик дипломатия эки тараптуу мамилелерга байланышкан актуалдуу маселелерди чечүүдө маанилүү роль ойнойт. Андыктан бул жааттагы алакаларды кеңейтишибиз керек”, – деди.

Өз кезегинде Опусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы эки өлкөнүн алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттик диалогдун алкагында талкуулана турган негизги маселелерге токтолду. Мындан сырткары кыргызстандык эмгек мигранттарына тиешелүү маселелерди көтөргөн Федерация Кеңешинин төрайымы алар эки мамлекеттин экономикасына тең чоң салым кошуп жатышканын белгиледи.

Баарлашууда маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы пикирлер да айтылып, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ржев шаарында ири салгылашка катышкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арналган эстелик жакында ачылары белгилүү болду.