Төрага Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Шакиев: “Быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард 226 миллион долларга жетип, былтыркы жылдын белгиленген мезгилине салыштырмалуу 36,8 пайызга жогору болду. Бул албетте чек эмес”, – деди. Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтык тууралуу да сөз кылган төрага бул жааттагы алакалар да жигердүү уланып жатканын белгилеп, кийинки жылы Орусияга расмий иш сапары менен баруу планы бар экенин маалымдады.
Өз кезегинде элчи эки тараптуу жана эл аралык аянтчалардагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди. Айрыкча, экономика, медицина, маданият, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана коопсуздук жаатында кызматташтыкка өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи. Андан тышкары, билим берүү тармагы боюнча ири долбоорлор иштелип чыгып, Кыргызстанда мектептерди куруу пландалып жатканын сөз кылды. Ошондой эле быйыл туризм чөйрөсүндө да жыйынтыктар жакшы экенин айткан элчи мында түз аба каттамдарынын көптүгү жакшы таасир бергенин кошумчалады.