Нурланбек Шакиев Өзгөндөгү авариялык абалдагы мектептерге барды

Бүгүн, 30-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзгөн районуна иш сапары менен барды.

Ал Ана-Кызыл айылында жайгашкан Өмүрзаков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Аталган мектептин бир корпусу 1980-жылы курулса, экинчиси 1988-жылы салынып, үчүнчүсү 1995-жылы ашар жолу менен бүткөрүлгөн. Пайдубалында жана дубалында жарака кетип, авариялык абалга кептелген мектепте азыр 523 окуучу билим алат. Ага ылайык, жаңы окуу имаратын куруу максатталган. Мугалимдер жана жергиликтүү тургундар төрагадан куруу иштерин тездетүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Шакиев бул маселеден кабары бар экенин айтып: “Быйыл долбоорлоо иштери толук аяктаса, 2024-жылы жылы жаңы мектептин курулушу башталат. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн мектептер жана бала бакчалар салынууда”, – деди. Ошондой эле аталган мектепке заманбап компьютерлерди берип жиберерин билдирди.

Андан соң, төрага Кашка-Терек айылында жайгашкан Кулматов атындагы орто мектепке барды. Аталган мектеп 1963-жылы салынып, азыркы тапта авариялык абалда болгондуктан, жаңы окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды. Жергиликтүү эл төрагадан заманбап шарттагы жаңы мектептин курулушун тездетүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Анткени, авариялык абалдагы мектепте 466 окуучу билим алууга аргасыз. Капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн Шакиев пайдубалы түптөлүп жаткан мектептен мыкты уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирип, тиешелүү мекеме жетекчилерине керектүү каражатты убагында бөлүп берип туруу талабын койду. Муну менен катар жолугушууда жергиликтүү тургандар Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол Кашка-Терек айылы аркылуу өтөрүн белгилеп, аны тездетип бүткөрүү зарылчылыгын кошумчалашты.

Нурланбек Шакиевди депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Данияр Төлөнов, билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.