Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү.
«Жыйында Жогорку Кеңештин ишин уюштуруудагы айрым маселелер талкууланып, кийинки жылда жасалуучу иштер тууралуу сөз болду. Парламенттин ишин өркүндөтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерлер айтылды», — деп айтылат маалыматта.