Төрага Нурланбек Шакиев Самаркандда өтүп жаткан КМШ ПААнын Кеңешинин отурумуна катышты

Кечээ, 27-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна катышты.

Иш-чараны КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып жатып, Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев кесиптештерин Ассамблеянын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап: “Биз ишенимге жана өз ара түшүнүүчүлүккө негизделген КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын потенциалын бекемдөөгө өзгөчө маани беребиз”, — деди.

Мындан тышкары төрага Ассамблеянын алкагында жасалчу иштерге токтолуп: “Динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөнүн азыркы татаал шарттарында КМШ ПАА саясий-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинен коопсуздук жаатында өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөө менен көп тараптуу алаканы улантуусу кажет”, – деди.