Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын башкы акыйкатчысын кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкочту кабыл алды. Анда Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакалардын учурдагы абалына токтолуп: “Биз тарыхый байланышы терең, тили, дини, үрп-адат, каада-салты окшош тектеш элбиз. Андыктан, биз бир туугандык жана боордоштук мамилелерди өнүктүрүп, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтишибиз зарыл”, – деди.

Муну менен катар Нурланбек Шакиев адам укугун коргоо жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жаатында эки өлкөнүн акыйкатчылары тыгыз иш алып барышы керектигин белгилеп, “Түркиянын башкы акыйкатчысы катары Кыргызстанга жасаган иш сапарыңыз, байланыштардын жаңы барагын ачат деген ишеничтемин” деп кошумчалады.

Өз кезегинде Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун жолдогон саламын жеткирди. “Бизди көп нерселер байланыштырып турат. Айрыкча боордоштукка негизделген алакалар жылдан-жылга өнүгүүдө. Алсак, Түркиянын мектептеринде кыргыздын улуу “Манас” дастаны тууралуу сабактар өтүлүп, ал тургай айрым окуучулар дастанды жатка айткан учурлар бар. Бул руханий байланышты бардык тармактарда улантып, акыйкатчы катары биз да өз салымыбызды кошуубуз кажет”, – деген Шереф Малкоч эки өлкөнүн акыйкатчылары кызматташтыкты кеңейтүүгө тиешелүү меморандумга кол коёрун маалымдады.