Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Түркиядагы расмий иш сапары Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбѳзүнѳ гүлчамбар коюу менен башталды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун чакыруусу менен менен барды. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен алгач тар чөйрөдө, андан соң кеңири курамда жолугушту. “Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт. Азыркы учурда эки тараптуу соода жүгүртүүбүз жыл сайын өсүүдө. Бул темпти мындан ары да жогорулатып, соода көлөмүн 1 миллиард долларга чейин жеткирүүбүз кажет”, – деди Шакиев. Андан тышкары, Кыргызстан-Түркия өнүктүрүү (инвестициялык) фондун түзүүнү тездетүү зарылчылыгын кошумчалады.

“Биз боордош мамлекет катары эки тараптуу гана алаканы арттырбастан, эл аралык деңгээлде да бири-бирибизди колдоп келебиз. Айрыкча өлкө башчыларыбыздын жигердүү аракети менен байланыштарыбыз чыңдалууда. Бүгүнкү жолугушуу дагы кызматташтыктын мындан аркы келечеги үчүн өтө маанилүү”, – деди Мустафа Шентоп.