Ишемби, 20.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Төрага Нурланбек Шакиев ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды

10:02 28.12.2022
0
Төрага Нурланбек Шакиев ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды

Кечээ, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Шакиев алгач Раевди ТҮРКСОЙго башкы катчы болуп шайланышы менен куттуктап: “Сиздин бай тажрыйбаңыз жана түрк дүйнөсүндөгү кадыр-баркыңыз боордош мамлекеттердин маданий байланышын чыңдоого өбөлгө түзүп, уюмдун иши жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө терең ишенем”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстан түрк тилдүү өлкөлөрдүн өнөктөштүгүн өрчүтүү максатын көздөгөн бардык уюмдарды колдоорун белгилеп: “Айрыкча маданий өзгөчөлүктөрүбүз боордоштугубуздун негизги көрсөткүчү. Андыктан, кылымдардан келе жаткан көөнө каада-салтыбызды, руханий баалуулуктарыбызды бир тууган өлкөлөр арасында жайылтып, дүйнөлүк деңгээлде таанытуубуз кажет. Мында ТҮРКСОЙдун ролу өзгөчө”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, кыргыз элинин белгилүү акын жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине которуу менен жалпы түрк окурмандарына жайылтып жатканы үчүн уюмга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Раев өзү жетеген Эл аралык Түрк маданияты уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди. “Түрк дүйнөсүнүн алкагында түзүлгөн уюмдардын алгачкысы жана бардык түрк мамлекеттери мүчө экендиги менен өзгөчөлөнгөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюму кийинки жылы 30 жылдыгын белгилейт. Бул жылдар аралыгында тили, дили окшош элдердин маданий байланышын арттырган алтын көпүрө катары жигердүү кызмат кылып келди. Ири иш-чаралар өткөрүлүп, уюм алкагында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды”, – деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Автор Эдита Ильясова
14:55 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды. Нурланбек Тургунбек уулунун...

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Автор Эдита Ильясова
10:06 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди. Жыйынды депутат...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Автор Эдита Ильясова
09:46 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттар 5 депутаттык топко бөлүнгөнүн жазышты....

Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:19 11.12.2025
0

Жогорку Кеңешке жаңы келген депутаттар манжанын изи менен катталып, добуш беришет. Аталган жаңы норма 2026-жылдын январынан тартып күчүнө кирет. Регламент...

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:37 09.12.2025
0

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 8-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Ага...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?» Бишкекте сабалган өспүрүмдөрдүн видеосу тарады

"Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?" Бишкекте сабалган өспүрүмдөрдүн видеосу тарады

10:58 19.12.2025
Бишкекте кафе өрттөндү (видео)

Бишкекте кафе өрттөндү (видео)

09:51 19.12.2025
Дүйнөгө белгилүү ырчы Jay Sean: «Кыргызстанга биринчи жолу келип, толкунданып турам»

Дүйнөгө белгилүү ырчы Jay Sean: "Кыргызстанга биринчи жолу келип, толкунданып турам"

09:30 19.12.2025
Жалал-Абадда 32 жаштагы келин каза болгон. Жакындары акыйкаттык издеп жатат

Жалал-Абадда 32 жаштагы келин каза болгон. Жакындары акыйкаттык издеп жатат

14:48 19.12.2025
АКШ грин-карта берүүнү токтотот

АКШ грин-карта берүүнү токтотот

12:48 19.12.2025
Ала-Тоо аянтын суу каптадыбы? Расмий жооп

Ала-Тоо аянтын суу каптадыбы? Расмий жооп

11:49 19.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү