Төрага Нурланбек Шакиев Түштүк Кореядагы институттун иши менен таанышты

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Тэгу шаарындагы Корея боёк жана дизайн технологиялар институтуна (DYETEC) барып, өндүрүштүк ишканаларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Алгач аталган институттун башкармалыгынын төрагасы Чо Санг Хёнг мекеме тууралуу маалымат берип, текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы ишмердүүлүгү боюнча кеп кылды. 1994-жылы түптөлгөн институт текстиль ишканаларын изилдөө, прототип түзүү, дефекттик анализдөө жана жаңы экологиялык таза технологияларды жайылтуу жаатында кызмат көрсөтөт. Корея Республикасы текстиль өндүрүшү боюнча дүйнө өлкөлөрү арасында төртүнчү орунда турат.
Институттун жетекчилери менен баарлашуу учурунда Нурланбек Шакиев Кыргызстан жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келе жатканын белгилеп, аталган тармак жогорку экспорттук потенциалга жана чоң социалдык мааниге ээ экенин кошумчалады. “Корея Республикасы өнөр жайын өнүктүрүүдөгү алгачкы кадамдарын текстиль өнөр жайынан баштаган. Бул жааттагы алдыңкы тажрыйбаларынан пайдаланууга кызыкдарбыз. Текстиль жана тигүү ишканаларынын өндүрүштүк технологиясын өркүндөтүү максатындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу башкы максатыбыз. Айрыкча DYETEC институтунун адистеринин тажрыйбасы биздин компанияларда да ийгиликтүү колдонулуп, өнөр жай ишканаларыбыздын эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна жана өз ишмердүүлүгүнө инновациялык ыкмаларды киргизүүсүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз”, – деди төрага.
Муну менен катар Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты жаратуу жаатында жасалып жаткан аракеттерге учкай токтолгон Нурланбек Шакиев республикада кореялыктардын катышуусу менен 1000ден ашык ишканалар иштеп жатканын маалымдады. Жолугушууда 2024-2028-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында Санарип текстиль борборун түзүү боюнча 9,3 миллион долларлык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Жогорку Кеңештин төрагасы аталган долбоор аркылуу Кыргыз Республикасында технологдордун, менеджерлердин жана тигүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк жаралып, натыйжада өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын ачууга өбөлгө түзүлөрүн кошумчалады.