Төрага Нурланбек Шакиевдин Мажарстан мамлекетиндеги расмий иш сапары башталды

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Мажарстан мамлекетиндеги расмий иш сапары башталды.

Алгач Нурланбек Шакиев делегация мүчөлөрү менен бирге Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына барып, Мажарстандын тарыхый инсандарына арналып тургузулган мемориалга гүлчамбар койду. Ошондой эле ал расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда эки тараптуу алакаларды арттырууга байланышкан маселелер талкууланары күтүлүүдө.