Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге II даражадагы “Достук” ордени ыйгарылды.
Сыйлыкты Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында төрага Нурланбек Шакиевге салтанаттуу түрдө тапшырды. Төрага Нурланбек Шакиев ыйгарылган сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип: “Достук” ордени мага берилгени менен мен жетектеген жалпы Жогорку Кеңеш үчүн чоң сыймык. Биз калыптанган кызматташтыкты арттырып, мындан ары да боордош элдин достугун чыңдоо багытында иш алып бара беребиз”, — деди.
Ошондой эле Казакстан Республикасынын президентинин Ардак грамотасы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...