Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду.
«Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары эле ырдай албайт. Гимн Кыргызстан жери сыяктуу эркин болушу керек. Совет мезгилинде жазылган марштан баш тартышыбыз зарыл. Гимн расмий иш-чараларда гана эмес, тойлордо да ырдала тургандай болушу керек», — деди төрага.