Төрага Шакиев: «Бүгүнкү парламент тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы мүмкүн деп ойлойм»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттар желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун колдогондон кийин куттуктоо сөзүн айтты.

«Мамлекеттик туунун оңдолушу менен куттуктайм. Бул эч кандай өзгөртүү эмес, оңдоо. Урматтуу депутаттар, «легендарлуу парламент» деп кайталай бергенден натыйжа жок. Ар бир мезгил, доордун легендасы болот. Мен бүгүнкү парламент тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы мүмкүн деп ойлойм. Андыктан баарыңарды куттуктайм», — деди ал.

Ал ошондой эле өзүнө айтылган сын-пикирлерди туура кабыл аларын айтты.