Төрага Шакиев экология тууралуу: «Дөңгөлөктөрдү, тигүү цехтеринен чыккан кыркындыларды өрттөгөндү токтотолу»

«Шаарыбыздын экологиясы үчүн баарыбыз кам көрөлү». Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жайыл жана Панфилов райондорундагы иш сапары учурунда билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жакында эле алынган учакка президент Садыр Жапаров менен бирге олтуруп, борбор калаанын үстүнөн айланышканын айткан Нурланбек Шакиев: “Ошондо Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүн менен шаар аймагындагы турак-жайлардан чыккан ышты салыштырып, жеке сектор абага көп зыяндуу заттарды чыгарып жатканын байкадык. Мамлекет башчыбыз ошол жерден дароо Министрлер кабинетине тапшырма берип, абалды жөнгө салуу чараларын көрүүгө чакырды”, – деди.
Муну менен катар шаар экологиясын коргоо жаатында мамлекет менен катар жарандардын да жоопкерчилиги чоң экенин айткан төрага: “Ар бирибиз абаны булгабаганга аракет кылып, зыяндуу заттарды, анын ичинен дөңгөлөктөрдү, тигүү ишканаларынан чыккан кездемелердин калдыктарын өрттөгөндү токтотолу. Таза шаарда жашагыбыз келсе, анын экологиясы үчүн ар бирибиз кам көрүп, кайдыгер болбойлу”, – деп кошумчалады.