Төрага Шакиев энергетика боюнча: «Койчу көп болсо, кой арам өлөт»

«Энергетика министрлиги болсо, бизге Улуттук энергетикалык холдингдин эмне кереги бар?». Бул тууралуу бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев сурады.

«Негизи кыргызда «Койчу көп болсо, кой арам өлөт» деген жакшы сөз бар. Улуттук энергетикалык холдингдин эмне кереги бар? Ушундай артыкбаштар бири-бирине бут тосуп, элдин кыжырын кайнатып жатасыңар. Сиситеманы иретке келтиргиле да», — деди ал.