Төрага Талант Мамытов Өзбекстандын элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-июнда Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар жолугушуунун жүрүшүндө ар тараптуу, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүү аркылуу эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. Төрага элчини дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, анын аракети менен кыргыз-өзбек мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлө тургандыгына ишеним артарын билдирди.

Өз кезегинде элчи Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, колдоо көрсөткөндүгү үчүн төрагага ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы сапары өнөктөштүк үчүн өтө маанилүү болгонун белгиледи. Жолугушуу соңунда тараптар жаңы долбоорлор боюнча биргеликте иштешүүгө макулдашты.