Төрагага караштуу Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү. Алгач Нурланбек Шакиев аталган кеңештин түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө токтолуп, Нурбек Сыдыгалиев менен Темир Сариев төраганын орун басарлары болуп дайындалганын айтты. Ал эми Акылбек Жапаров аталган кеңештин тең төрагасы бойдон калды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
“2021-жылдын статистикасына ылайык, өлкөбүздөгү чакан жана орто бизнес субъекттеринин, жеке ишкерлердин жана дыйкан чарбалардын саны 900 миңден ашты деп көрсөтүлгөн. Ал эми аларда бир миллиондон ашуун жарандарыбыз эмгектенет. Бул демек, биздин ар бир жетинчи жараныбыз бизнес жана ишкердик чөйрөсүндө иштейт. Андыктан, бул тармактын өнүгүшү өлкөбүз үчүн өтө маанилүү”, – деди Нурланбек Шакиев.
Төрага ишкердик коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан салык саясатына, банк секторуна жана ыксыз текшерүүлөргө тиешелүү көптөгөн кайрылуулар келип жатканын маалымдап: “Ишкерлердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан жагдайларга жол берилбеши шарт. Анын ичинен ыксыз текшерүүлөрдү азайтып, калк турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоо керек”, – деди.
Андан соң жыйын тармактык көйгөйлөргө байланышкан баяндамалар менен уланып, кеңири талкуу болду.
“Салык консультанттары палатасы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Татьяна Ким Электрондук товардык-транспорттук кагаздарды колдонуудагы көйгөйлөрдү көтөрсө, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Алишер Акбаралиев менен Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин президенти Сталбек Акматов салык саясатындагы маселелерге токтолду.
Президент Садыр Жапаровдун Италияга жана Ыйык Тактыга (Ватикан) 2-4-октябрда болгон расмий сапары аяктады. Сапардын алкагында 3-октябрда Римде Садыр Жапаровдун Италиянын...
Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск...
Бүгүн, 3-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды. “Жогорку Кеңеш...
Президент Садыр Жапаров кечээ, 2-октябрда расмий сапар менен Рим шаарына барды. Мамлекет башчысынын борту Римдин эл аралык аэропортуна конду. Президент...