Социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутаттар Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиевдин качкын президент Курманбек Бакиевдин сыйлуу коногу болушканын жазып чыгышты.
Төраганын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев бул жалган экенин билдирди. «Жалган маалымат. Бардык жолугушуулар эки мамлекеттин протоколдук кызматы, күзөт кызматы менен биргеликте жасалат. Болгон жолугушуулардын баардыгы ачык, расмий өткөрүлөт. Мен өзүм жана ошондой эле элчиликтин ондогон кызматкерлери коштоп жүрдүк, эч кандай Курманбек Бакиев менен жолугушуу болгон жок. Калп маалыматты жазып, бөлүшүүдөн карманууңуздарды суранам», — деп жазды ал.







