Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын премьер-министри менен жолукту

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, тараптар кызматташтыктын келечеги тууралуу ой бөлүштү. Шакиев эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин байланышын кеңейтүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: «Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы алакалар жигердүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар байма-бай уюштурулууда. Анын ичинен өткөн жылы президенттин Монголияга жасаган расмий сапары бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түздү», — деди.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экомикалык алакаларды арттыруу маселеси да көтөрүлүп: «Кыргызстан Монголия мамлекетине айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар. Бул үчүн соода-логистикалык жана транспорттук маселелерди ыкчамдатып чечүү учур талабы. Андыктан аталган багытта жигердүү иш алып барып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүшүбүз керек», — деди төрага. Ошондой эле маданият жана туризм жаатында да биргелешип иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолгон Нурланбек Шакиев бул тармактарда да алгылыктуу аракеттер зарыл экенин белгиледи.