Төрөбаев бааларга өзү көз жүгүртүп, жарманке менен дүкөндөрдү кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бааларга өзү көз жүгүртүп, жарманке менен дүкөндөрдү кыдырды. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, бир нече күндөн бери өткөрүлүп жаткан жумушчу кеңешмелерде айтылган пикирлерди, сунуштарды жана эң керектүү азык-түлүккө болгон бааларды талдоо максатында бир катар министрлик, ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен Бишкек шаарындагы Исхак Раззаков көчөсүн бойлото өтүп жаткан айыл чарба жарманкесинде, «Народный» соода түйүндөрүндө болду. Ал Бишкектеги айыл чарба жарманкесинде 50 килограмм биринчи сорттогу ун 1650 сомдон, кумшекер 70 сомдон, картошка 35 сомдон, 5 литр өсүмдүк майы 700 сомдон сатылып жатканын билдирди.

«Чүй облусуна болгон иш сапарда Новопавловка айылындагы «Фрунзе» гипермаркетинин, Сокулуктагы «Глобус» дукөндөр тармагынын, Сокулуктагы азык-түлүк жарманкесинин жана мал базардын иши менен тааныштык. Сокулукта өтуп жаткан жарманкеде 50 килограмм жергиликтүү ундун биринчи сорту 1650 сомдон, кумшекер 70 сомдон, 5 литр өсүмдүк майы 720 сомдон сатылууда. Соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнүн айтуусунда, эл арасында эки жума мурункудай азык-түлүккө болгон толкундоо жок, эң керектүү товарлардын запасы жетиштүү. Мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык, соода түйүндөрүндө пенсионерлер үчүн нандын бир бөлкөсү 10 сомдон сатылууда», — деп жазылат Бакыт Төрөбаевдин билдирүүсүндө.