Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Анда суу-энергетикалык баланстын абалы, электр энергиясын импорттоо, жергиликтүү көмүр казуу көлөмү жана отун запастарын даярдоо, энергетикалык объектилердеги оңдоо иштерине тийиштүү маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүүдөгү жеке жоопкерчилигин белгиледи.

«Жылытуу мезгилине карата өткөн жылдагыдай калкты көмүр менен камсыздоодо жаралган кыйынчылыктар кайталанбашы керек. Биринчи кезекте бардык социалдык мекемелер, алыскы райондор  көмүр менен тийиштүү көлөмдө камсыз болушу кажет. Отун базалары белгиленген мөөнөттөргө карата калкты көмүр менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздап башташы зарыл. Тартыштыкка жана баалардын негизсиз жогорулатылышына жол берилбеши тийиш. Бардык энергетикалык объектилер жылытуу мезгилине карата максималдуу жүктөмгө даяр турушу зарыл», — деди ал.

Штабдын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди. Энергетика министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды: Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдаланууну жана анын тийиштүү көлөмдө топтолушун камсыз кылуу; «Электр станциялары» ААК жана «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте Бишкек шаардык ЖЭБге сапаттуу көмүр жеткирүү планын камсыздоо боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуусу; энергетикалык объектилерде оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүү.

Жергиликтүү бийлик органдарына калкты өз убагында көмүр менен камсыз кылуу, керектүү көлөмдө отун базаларын жана көмүр сатуучу жайларды, анын ичинде көчмө пункттарды ачуу тапшырмасы берилди.