Төрөбаев ун, өсүмдүк майы, кумшекер өндүргөн компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөштү

Бүгүн, 1-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ун комбинаттарынын, өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага 20 ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты.

Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү агроөнөржай секторунун ролун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал Министрлер кабинети тарабынан агрардык секторду мамлекеттик колдоого алуу, жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоо аркылуу агроөнөржай кластерлерин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. «Негизги 9 айыл чарба кластерине 10 миллиард сом бөлүнгөн. Мамлекеттик банктар жылдык 6 пайыз менен кредиттик каражаттарды бере баштады», — деди Бакыт Төрөбаев.