Төрөбаевдин ордуна Абдыбахаб Боронбаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келет

Бүгүн, 1-апрелде БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Абдыбахаб Боронбаевди Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. Ага ылайык, Абдыбахаб Боронбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө Абдыбахаб Боронбаевдин соттуулугу жоюлганы айтылды. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен биргеликте кылмыш ишинде айыпталуучулардын катарында болгон. Мамлекетке келтирилген зыян катары Райымбек Матраимов 2 миллиард сом, Нурлан Ражабалиев 12 миллион сом, Абдывахаб Боронбаев 8 миллион сом төлөгөн.

30-март күнү «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.