Төрөбаевдин ордуна Шакиев. «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидеринин орду бир күн бош турду

Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп Нурлан Шакиев шайланды. Буга чейин аталган фракцияны Айбек Маткеримов жетектей турганы айтылып жаткан, бирок ал баш тартканы маалым болду.

Нурлан Шакиев бир мандаттуу Аксы округунан депутат болуп шайланып келип, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын курамына кирген.

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп келген Бакыт Төрөбаев кечээ, 28-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.