Төрөбаевге кресло бошоткон Аалиев Кармышаковдун ордуна барды. Кармышаков болсо Ахматовдун креслосун ээледи

Бүгүн, 28-мартта Улукбек Кармышаковдун ордуна Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Азиз Аалиевдин ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп Бакыт Төрөбаевдин дайындалганы ырасталган.

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагалыгынан кеткен Улукбек Кармышаков Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору болуп дайындалды. Ал эми бул кызматты аркалап келген Султан Ахматов бошотулду. Азырынча анын кайда барары белгисиз.