Төрт партиянын лидери жергиликтүү кеңештин шайлоосуна чогуу аттанышат

Элдар Абакиров, Дастан Бекешев, Аймен Касенов жана Клара Сооронкулова жергиликтүү кеңештин шайлоосуна бирге барышат. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине Клара Сооронкулова билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн бириккен аталган төрт саясатчы эртең, 18-февраль күнү журналисттерге маалымат жыйын беришет. Анда биригүү жөнүндө меморандумга кол коюу жана бирдиктүү партия катары Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуусу, ошондой эле партиялардын лидерлери менен өкүлдөрүнүн жалпы максаттары жөнүндө коомчулукка кенен маалымат беришет.

Жогорудагы үч саясатчы Элдар Абакиров, Аймен Касенов жана Клара Сооронкулова 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөтүшүп, президенттик кызматка ат салышышкан.  Ал эми Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин депутаты.