«Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы». Садыр Жапаров эки иш башкармалыктын эмне үчүн бириккенин айтты

Президент Садыр Жапаров 7-чакырылыштын депутатттарына кайрылуу жасап, “Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы” деген пикирлердерден кайтуу керектигин билдирди.

«7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары, “Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы” деген пикирлериңиздерден кайтышыңыздарды өтүнөм. Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш ийет. Себеби бул — мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, а силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат. Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер. Баарыбызды бир эле иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик», — деп жазды ал.