«Түлөбаев деген башка адам, Түмөнбаев деген башка». Депутат Самыйкожо Маматалиев кечирим сурашы керектигин айтты

«Балбак Түлөбаев башка адам, Акылбек Түмөнбаев деген башка адам», — деди депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Регламент боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан мезгилде Марлен Маматалиев мыйзамга өзгөртүү боюнча Балбак Түлөбаев деген ысымды атады. Андан кийин кайра «Түлөбаев эмес экен, Түмөнбаев» деди. Экөө абалар болгону менен атасы бөлөк, энеси башка бир туугандар болушу мүмкүн. Бирок Балбак Түлөбаев башка адам, Акылбек Түмөнбаев деген башка адам. Ою дагы башка, бою дагы башка, салмагы да башка, такыр башка адамдар. Ушуну кантип айырмалай албай калат? Марлен Маматалиев болсо, өзү укса жакшы болмок. Акылбек Түмөнбаевдин эч кандай сунушу жок болчу. Биз карап жатабыз. Бул маселе боюнча депутаттардын алдына чыгып, кечирим сурап коюш керек», — деди ал.

Депутат Марлен Маматалиев кечээ, 26-апрелде Жогорку Кеңештин регламентин карап жатканда адашып Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевди алмаштырып айтып алганын билдирген. Ал Түлөбаев регламентке Жогорку Кеңештин депутаттарын Министрлер кабинетинин республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетун угуу укугунан ажыратууну сунуштаганын маалымдаган.