Турдукулов: «Ташиев, Мамытов, Жапаровду соттор тез актап жибергендей эмне үчүн башка саясий иштер ордунан кыймылдай элек?»

Активисттердин дагы бир башка тобу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдон саясий иштерди өзгөчө көзөмөлгө алуусуна чакырышты. Жарандык активист Адил Турдукулов жетектеген «Саясий репрессияларга каршы комитет» саясий туткундарга калыс сот чечимин талап кылуу, алардын ишин ачык соттук отурумдарда кароо боюнча кайрылды. Кайрылууда Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди актоодо соттор тездик менен иштегени, ошол эле маалда саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова, Дастан Сарыгулов, Марат Султанов, Бактыбек Калмаматов сыяктуу саясатчылардын соттук иштери создуктурулуп жатканы айтылат.

«Кой-Таш окуялары боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Дамир Мусакеев, Канат Сагымбаев, Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев дагы эле камакта жана үй камагында отурушат. Атамбаевдин үйүнө бастырып кирүүгө мыйзамсыз буйрук берген жана аны аткаргандар кайсы жакта жүрүшөт? Эмнеге алар жоопкерчиликке тартылган жок? Саясий чечимдердин айынан Кубаныч Кадыров менен Бектур Асанов да президенттик шайлоого катыша албай, Баш мыйзамдагы негизги укугу бузулду. Бул жагдай 10-январдагы шайлоонун легитимдүүлүгүнө таасир этет. Азыркы баарынан мурда бийликтин буга кызыкчылыгы болушу керек» деп айтылат кайрылууда.