Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчисинин кош жарандуулугу бар экени айтылды

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчисинин кош жарандыгы бар-жоктугун сурады.

Буга УКМКнын башчысынын орун басары Тимур Шабданбеков тинтүү учурунда анын 2 паспорту, тагыраагы Орусиянын жана Кыргыз Республикасынын паспорту алынганын билдирди.

«Эмне үчүн буга уруксат берилди? Кадр саясаты аксап жатат деп айтып келебиз. Башында бул кызматкер кыргыз тилин да, кыргыз туризминин маданиятын да түшүнбөйт деп айтканбыз», — деди депутат.