Турмуштук оор кырдалга кабылган балдарды колдоого соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды

Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоого алуу үчүн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

“Биз балдарыбыздан эч нерсе аяган жокпуз, аябайбыз дагы! Буюрса балдарыбыздын жөлөк пулдарынын өлчөмүн да көбөйтөбүз. Акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук жана ушул сыяктуу жагымсыз фактылар көбөйгөнүн байкап жатабыз. Мамлекет бул маселени эч качан көңүл сыртында калтырбайт. Балдардан үнөмдөөгө акыбыз жок, ошондуктан штаттык бирдигин көбөйтөлү деп жатабыз”, — деген президент Садыр Жапаров.

Жаңы соцкызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат. 1-февралдан тарта адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталары жазылган.