«Туу өзгөртүлгөндөн кийин документтерди, иш-кагаздарды тез арада өзгөртүүнүн кажети жок» дейт Примов

Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогоорку Кеңештин комитет жыйынында тууну өзгөртүү каралып жатат. Демилгечилердин бири — Улан Примов туунун кээ бир элементтерине өзгөртүү киргизилгенден кийин өзгөргөн тууну пайдаланууга кеткен каражат боюнча кеп кылды.

«Туунун сүрөтү түшүрүлгөн бардык документтерди, иш-кагаздарды тез арада өзгөртүүнүн кажети жок. Алар өзүнүн мөөнөтү актаганга чейин толук кандуу иштейт. Ошондой эле убагы келгенде өзгөртүлөт», — деди депутат.