«Туура окуй албайт деп күлөт». Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңешке чакырылгандарга кеңеш берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламентке чакырылгандарга кеңеш берип, аты-жөнүн кыргызчалап келүүсүн айтты.

«Урматтуу чакырылгандар, мен силерге кеңеш иретинде айтып коёюнчу. Кыргыздын фамилиясын, ата-тегиңиздердин атына сый мамиле кылып, кордобосоңуздар. Аты-жөнүңөрдү бул жерде жазылгандай окусам, мени туура эмес окуп жатат деп айтышат. Бирок мен тууралап окуп жатам.

Дуйшенкуловичти Дүйшөнкулович деп жазат. Дүйшөнкул качан Дуйшенкул болот? Нурдоолот СатыбековичНурдөөлөт. Эмнеге дагы эле Нурдоолот? Карасартов Алмазбек Оганович. Оган деген жок, Ооганович деген бар. Кийизбаева ЖазгульЖазгүл. Акимов Азирет Доолатбекович эмес, Дөөлөтбекович. Мен ушинтин окусам, азыр кыргыз эли күлөт мага. Спикер фамилияны туура окуй албайт деп», — деди ал.