Түлөбаев: «Амантуров менен чогуу иштешкенбиз, жердешпиз»

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнүн мурдагы орун басары Мирлан Амантуровдун кармалышы боюнча комментарий берди. Айтымында, чогуу иштешкенден тышкары ал экөө жердештер. “Оор. Бирок адам кылганын моюну менен тартышы керек”, — деди Түлөбаев.

Амантуров вице-мэр болуп турган учурда Түлөбаев шаар башкармалыгынын аппаратынын жетекчиси болуп иштегени маалым.

Кечээ, 29-декабрда Мирлан Амантуров ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. «Бишкек асфальт сервис» ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. 2015-2019-жылдар аралыгында андай компанияларга 100 миллион сомдон ашуун муниципалдык буюртмалар берилген, бирок ишти аягына чейин чыгарышкан эмес», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.