Түлөбаев коронавирустун аякташы боюнча: «Кубатбек Бороновдун эмгеги чоң»

«Коронавирус деген 3-дүйнөлүк согуш бүтүптүр. 20 миллион кишинин жанын алды». Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасында жазды.

«Өтө оор, татаал 3 жыл болду. Эчен жанды алды. Эчен кыраандар кетти. Жаш карысына, бай кедейине карабай баарын алды.

Өтө оор жылдар болду. Дагы эле сабак албадык. Социалдык блок ошол жылдардагы кемчиликти оңдоо иштерин жай алып барууда. Социалдык жардамдашуу, ооруканалар, жардам чогултуучу жерлер, карантин борборлору, деги эле көп нерселер толук жасалган жок. Алдыда иштер көп. Отурбаш керек. Өлкөбүз ушундай балээлерге даяар болушу керек.

Врачтарга, милиция, куткаруучулар, ыктыярчылар, акимиат кызматкерлерине чоң рахмат! Боронов Кубат Айылчиевичтин эмгеги чооң. Суракматов Азиз Эмилбекович шаар эли сизди унутпайт», — деди ал.