Түлөбаев: «Мектептерде мугалим окуучуну уруп жатабы же бала мугалимди уруп жатабы белгисиз болуп жатат»

«Мектептерде бир эле сабакты ар кандай китептер менен окутуп жатышат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул кыргыздын келечегине балта чапкандык. «Балдардын башын айлантып, ар мектепте ар башкача китеп менен окутушууда. Ушунун баарын бирдей деңгээлге алып келишибиз керек», — деди ал.

Ал мындан тышкары, мектептерге окуучу менен мугалимдин ортосундагы чыр-чатак күчөп кеткенин айтты. «Муну катуу тартипке салуу зарылк. Чынын такташыбыз керек. Мугалим баланы уруп жатабы же бала мугалимди уруп жатабы белгисиз болуп жатат. Органдар менен чогуу иштеп, убагында токтотуп калуу кажет», — деди ал.